Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Москвадагы өрт

Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан типографияда чыккан өрттөн он алты адам ажал тапты. Алардын он төртү кыргызстандык экени аныкталды. Москвадагы кабарчыбыз өрт чыккан жерге барып, айрым кыргызстандыктар менен маектешип, сүрөткө тарткан.


РИА-Новости агенттигинин жазышынча, каза тапкандардын баары КМШ жарандары. Алардын арасында кыргызстандык кыздар бар экени айтылып жатат. Мисалы, Орусиянын мамлекеттик "Вести" телеберүүсү өлгөн он алты адамдын баары кыргызстандык экенин кабарлады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москвада кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт кырсыгынын чоо-жайын иликтеп чыгууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Азырынча өрттөн канча кыргызстандык жарандын каза болгону тууралуу так маалымат жок.


XS
SM
MD
LG